Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары "КТ Мобайлдын" түзүлүшү боюнча маалымат берди

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеште "КТ Мобайл" боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын биринчи отуруму өтүүдө. Анда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары Бекболот Алиев аталган компаниянын түзүлүшү боюнча маалымат берип жатат.

"КТ Мобайл" компаниясы 2003-жылы түзүлгөн. 2014-жылы өкмөттүн токтомуна ылайык, лицензия алган. Бирок ошондон бери лицензия боюнча иш алып барылган эмес. Акча каражатынын жоктугуна байланыштуу иштебей турган. 2017-жылы "Кыргызтелекомдун" стратегиясына киргизилген. "КТ Мобайлдын" алкагында уюлдук оператор түзүү боюнча стратегия кабыл алынган. Азыркы күндө биринчи этаптагы иштер жүрүп жатат", - дейт ал.

Парламентте "КТ Мобайл" компаниясы боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссиянын курамына Жанар Акаев, Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Автандил Кулбараков, Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жээнчороев, Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Алмамбет Шыкмаматов кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur777
2019-05-17 11:46:55
Ишке кире элек болсо эмне учун Абылгазиевдин бажасы 300000(уч жуз мин) сом алып келген?!!
Директору 350000,замдиректору 300000,технический дирнктор 290000сом госказнадан алып журушкон,буга ким жооп берет?!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан