"Мегакомдун" директору Акылбек Жамангулов премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин коркутканы боюнча укук коргоо органдарына кайрылбаганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-майда журналисттерге билдирди.
"Бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылган жокмун. Мен Кудайдан гана корком. Бардык далилдер бар. Комиссиянын отурумундагы стенограммага ылайык, укук коргоо органдарына материалдар берилет", - деди ал.
Ошону менен катар эле ал Иманкадыр Рысалиев коркутуп жазган каттарды журналисттерге көрсөтүүдөн баш тартты.
Бүгүн "КТ Мобайл" компаниясы боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында Жамангулов Рысалиев тарабынан бир нече жолу коркутуп телефон чалуулар болгонун белгиледи.