Энергетикалык тармактагы реформалар аягына чыкмайынча электр энергиянын баасы көтөрүлбөй турганы айтылды

Өкмөт энергетикалык тармактагы реформалар аягына чыкмайынча электр энергиянын баасын көтөрбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда "Республика-Ата Журт" парламенттик фракциясынын отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында жакынкы убакыт аралыгында электр энергиясынын тарифин кайра кароо пландалган эмес.

"Биз учурда системди реформалоонун үстүнөн иштеп жатабыз. Ал иштер аяктамайынча эски тарифтер менен иш алып барабыз. Бул баалар социалдык абалга ылайыкташтырылган. Бул тармактагы жетекчилер менен байланышкан кылмыш иштери боюнча баарыбыз эле кабардарбыз. Алар мындайдан алыс деген ойдомун. Учурда коррупция көзөмөлдөөчү жана инспекторлордун эле деңгээлинде", - деди Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан