Экономика министрлиги тарабынан кирешеден алынган салыкты төмөндөтүү боюнча тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Дастан Кадыров билдирди. Айтымында, кирешеден алынган салыкты 6 эсеге азайтуу пландалууда.
Бул боюнча тиешелүү мыйзам долбоору учурда өкмөттө каралып жатканын Кадыров белгиледи. Анын максаты - ири капиталды тартуу үчүн экономиканы либерализациялоо. Ошондой эле финансылык, соода иштерин жүргүзүүгө жетиштүү шарт түзүү жолу менен эл аралык финансылык институттарды тартуу. Бул үчүн салык төлөмдөрү төмөндөтүлөт.
"Мыйзамга кире турган бул өзгөртүүлөр эл аралык соода аянтынын жаралышына жана жергиликтүү ишкерлердин тышкы рынокко чыгышына шарт түзөт. Ал мыйзам долбооруна ылайык, кирешеге салынган салыктын көлөмү 10 пайыздын ордуна 3 пайызга төмөндөйт. Ошол эле учурда дивидентге болгон салык жок", - дейт ал.