"Азиз Батукаевдин иши кайра каралып баштады" дейт баш прокурор

Бүгүн, 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берүүдө.

Анда депутат Зарылбек Рысалиев кайсы иштер башкы прокурордун жеке көзөмөлүндө экенин сурады. Жамшитов жооп бергендей, анын көзөмөлүндөгү иштердин арасында Азиз Батукаевдин иши бар экенин айтты.

"Батукаевдин иши кайра каралып баштады, январдан бери өндүрүш жүрүп жатат. Пландаштырылып атайын топ түзүлөт. Сиз күбө катары суракка чакырыласыз", - деп кайрылды Рысалиевге баш прокурор.

2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан