Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева камакка алынды

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри, учурдагы Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаева камакка алынды. Маалыматты SUPER.KG'ге өздүк булактар билдирди. Сагинбаева кечээ ИИМдин Тергөө кызматында 4 сааттан ашык убакыт бою Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча сурак беген. Бул боюнча ИИМ расмий комментарий бере элек. Ал эми Улуттук госпиталга байланышканыбызда, расмий маалымат келип түшө элегине байланыштуу комментарий бере албайбыз дешти.

Буга чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген.

2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып, "мыйзамдагы уурунун" иши январдан баштап кайра каралып жатканын билдирген. Маалыматта белгилүү болгондой, Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти Башкы прокуратура кайра карап, андан ары улантуу үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берген.

Азиз Батукаевди мыйзамсыз абактан бошотууга шектелгендер камалууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Ali-han
2019-05-15 11:25:12
Турсунбек Акунду да камагыла!
+23
aiba_00
2019-05-15 11:30:51
Катуу кетишти го канча жылдан кийин, баарын камап,
+15
Take_men
2019-05-15 12:09:07
aiba_00, ушул кезге чейин ишти жаап келген акча алгандар камалсын да
+4
Ramas
2019-05-15 11:52:56
Зарылбекти унутпагыла
+17
erlan2196
2019-05-15 11:59:12
Раим миллионду да камагыла.
+16
eddi.
2019-05-15 12:09:24
Атаңбайчы,Атам бай
+9
ma2as
2019-05-15 12:10:20
Эми бул медиктер озу билип -оорулу деп жазган жок чыгаар . Буларга буйуртма бергендерге кучу жетпейт , ортодо даттана албагандар, буйрукту берген эмес , буйрукту кылгандар жазаланып калышат .
+7
Asyl_Kg
2019-05-15 12:43:16
Жанагы окунуп жаткан Турсунбек Акунду да кармагыла. Анын да тиешеси бар.
+12
Dalil
2019-05-15 12:48:27
Медиктерге буйрук бергендерчи?
+7
Agayu
2019-05-15 12:50:40
Урматтуу Супер инфо жамааты .Ошто бир убакыттарда асмандан жаман коз корунгон болчу , аны эл билет .Кечее дагы Ош аеропорттун жэтекчилери да видеого тартып алышыптыр асманданы копунушту.Эми менин максаттым томондогучо .Бир Чындык маалымат КG атту блогер моонотту отуп кеткен товарларды оз видеосуна тартып элге чыгарып берип аткан болчу , Ошто озбек улутту коп жашайт деерлмк магазиндердин кобу ошолордуку .Алардын магазинин тартып жатса ар магазиндин жумушчулары согушот урушат.
+2
Skarlett-Skarlett
2019-05-15 15:49:19
Agayu,Блогер ХХХХ эле журбойбу анан.Элдин ортосуна от жагып подписчик топтобой.Озгондо олбой эле жашап келе жатышат менин ата-энем,бир туугандарым.Жакшына эле баары,мен барганда деле азык-тулук алам,эч мооноту откон бир нерсе албаптырмын.
-1
Agayu
2019-05-15 12:58:04
Эми менин катту ойлонгон жэрим Ошто дагы согуш отту болуп кетпесин дегеним .Кыргызстандын Фито санитарныйлар эмне иштешбейт .Милиция кызматкерлери эмне иштешпейт .Биздин мыйзам эмне Коррупция деген мааниде жазылабы .Урматту Супер Инфо жамааты силерден сураныч ушул боюнча тийиштуу мекемелерден так маалымат алып бериниздер.Болбосо [moderated] аркылуу эки улуттун адамдары жон гана урушту башташат .Ужэ чогулабыз деп калышыптыр .Мен Согушка каршымын .Бир гана Мыйзам иштешин каалаймын
0
admin_portal
2019-05-15 14:33:46
Agayu, саламатсызбы! Сурооңузду конкреттүү жана так жазсаңыз.
-1
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-05-16 00:52:37
Agayu, каяктагыны баштабай жөн отур.
0
Tekecher
2019-05-16 01:20:08
Agayu,туура маселени котордунуз ушундай нерселерди мамлекет озу эле акырын кысып койсо болот билгизбей. Политика деген болуш керек да кыргыз эли биринчи орунда туруш керек по закону болбосода жазылбаган мыйзамда
+1
Catti-80
2019-05-15 14:12:57
Сабак болуш учун по жизни камагыла
+1
almanbetperm
2019-05-15 14:54:31
Ооруп журбосун бул эжекебиз, биринчи камака аларда мед осмотр кылгыла
+2
ZhanMM
2019-05-15 16:34:31
almanbetperm,айтты да койду ...
0
Taalaibek.
2019-05-15 18:10:15
Куноолулор жазасын алыш керек!
0
Chungyz
2019-05-15 18:32:47
Бийликтин 98 пайызы камалыш керек чын чынына келгенде
+1
Baku88
2019-05-15 23:13:51
Батукаев айыккыс оору мн ооруп олбогой эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан