Бишкекте К-рор фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бишкекте 18-майда К-рор фестивалынын финалы орун алып, жеңүүчүлөрү аныкталды. Анда катышуучулар дүйнөгө жайылып бара жаткан К-рор жанрындагы ырларды аткарып, бий өнөрлөрүн тартуулашты. Сынакта Түштүк Кореядагы белгилүү BTS, Blackpink, Itzy жана башка бир катар топтордун ырлары жаңырды. Жыл сайын өтүп жаткан фестивалдын катышуучулары быйыл да костюмдары, ыр жана бий программалары менен көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Сынакта битбокс менен өзгөчөлөнгөн F.P. studio бийчилер тобу баш байгени утуп алышты. Алар К-рор стилиндеги бийинде кореялык ырчылардын бийине гана окшоштурбастан өзүнүн хореографиясын кошконун көрүүгө болот. Жеңүүчү болгон топ номерине ырчы PSY, BTS жана Blackpink топторунун популярдуу ырларын кошушкан.

K-pop фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Бишкекте K-pop фестивалы өттү
К-рор фестивалынын жеңүүчүлөрү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
futboler
2019-05-18 13:51:55
Ушундан көрө өзүбүздүн улуттук ырларды, маданиятыбызды жайылткан иш чараларды уюштуруп өткөрсөңөр болмок
+3
Ippuni
2019-05-20 11:48:40
Мынчалык фанатизмдин эмне кереги бар ,келечегибиз жок калбагай элек .Ата-энелер тарбияга конул болушубуз керек.Озубуздун маданиятыбызды да унутта калтырбайлы.
+1
Ippuni
2019-05-20 15:20:03
Админ отунуч жазып койсонор,бул кайсы жерде откорулду филармониябы же спорт ордобу же дагы башка .......?
+1
Айпери Ганыжан кызы
2019-05-20 15:36:04
Ippuni, Саламатсызбы? Быйыл Бишкектеги "Асанбай" борборунда өттү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан