"Кыр көрсөтүп койбойлубу?". Депутат кесиптешинин дарегине уят сөз жазган мэрдин кеңешчисине нааразы

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда депутат Махабат Мавлянованын дарегине "пошла на*уй" деп жазган мэрдин кеңешчиси боюнча маселе көтөрүлдү.

"Парламенттик комитеттин төрагасы, кесиптешибиздин жазган постуна мэрдин кеңешчиси ар кандай сөздөрдү жазып жатат. Бул нерсе коомчулукта катуу талкуу болууда. Кыр көрсөтүп койбойлубу?" - деди Төрөбаев.

Кечээ депутат Махабат Мавлянова келиндерди тойго төшү жана далысы ачык, чыпташып турган көйнөктөрдү кийбөөгө чакырган. Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетова депутаттын чакыруусу боюнча "пошла на*уй" деген пост жарыялаган. Мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев Алманбетова мыйзам чегинде иш тартиптик жазасын аларын айтып, мэриянын атынан кечирим сураган.

"Колуктулар, ачык көйнөк кийбегиле" деген сөз чуу жаратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан