Нарында сууга агып кеткен 6 жашар кыздын апасы: "Бүгүн айыл эли жана куткаруучулар Нарын дарыясынан кызымды издешет"

Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна түшүп кеткен 6 жашар кызды издөө иштери улантылып жатат. Бүгүн, 21-майда куткаруучулар тобу жана айылдаштары кызды Нарын дарыясынан издешет. Бул маалыматты изделип жаткан 6 жашар кыздын апасы Элзат айым билдирди.

Анын айтымында, кызы 4 күндөн бери изделип жатат.

"Мени көпчүлүк маалымат каражаттары ооруканага чейин жаткырып салышты. Эми ооруп калган жокмун, бирок баласын жоготуп жаткан эненин абалы жакшы болмок беле?! Кызым табылса экен деп эле тилеп жатабыз. Ал менин үчүнчү кызым", - деди Элзат айым.

6 жашар кыз 17-майда балдар менен ойноп жатып, бут кийимин сууга түшүрүп алган. Аны алууга аракеттенип жатып, өзү сууга түшүп кеткен. Кыз түшүп кеткен Он-Арча суусу Нарын дарыясына куят.



Ата-энелер сак болгула! Балдар сууга агып көп каза болууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан