Саясий серепчи Бакыт Бакетаев 25-май күнү жарыялаган КСДП партиясынын билдирүүсүнө карата өз пикирин билдирди. Анын айтымында, КСДП партиясынын Раим “Миллион” тууралуу билдирүүсүнөн кийин эл арасында төмөндөгүдөй суроо жараткан пикир жүрүүдө.
“Эмне үчүн бул билдирүү бизде Раим “Миллион” деген ысым пайда болгон 2011-жылы эле жарыяланган эмес? Анда миллиондор кантип пайда болгонун ошол жылдары эле текшериш керек болчу. Мисалы, Салымбеков миллиондорун кантип тапканын эл билет, ошол себептен эч кимдин ага доосу жок.
Азыр Кыргыз өлкөсүндө миллионерлер абдан көп. Алардын баарын камоого мүмкүн эмес. Ошол себептен амнистия жүргүзүү керек. Раим “Миллион” Ош облусунун тургундары үчүн көп иш жасады: көпүрөлөрдү, спорт залдарды курду, жолдорду оңдоду, көптөгөн спорттук мелдештерди өткөрүп келет жана башка. Ушул себептен ал тууралуу эл арасында жакшы пикирлер да айтылып келет. Мындай иш-чараларды башка миллионерлер деле аткарып жатышат.
Бирок эч кандай эл үчүн иш-чараларды өткөрбөгөн, баарын өз чөнтөгүнө жана туугандарына жумшаган, балдарга жана калкка бекер эч нерсе түзүп бербеген миллионерлер да бар. Мына ушундай миллионерлерге карата текшерүүлөрдү жүргүзүү зарыл”, - дейт Бакыт Бакетаев.
Андан ары пикирин улаган саясий серепчи учурдагы сот системинин жардамы менен таза жана айкын иликтөө жүргүзүү мүмкүн эместигин айтат.
“Ошондуктан биздин миллионерлер жардамга муктаж кыргызстандыктарга кантип жардам берүү керек дегендин үстүнөн ойлонуулары зарыл жана соттор алдыңкы иликтөөлөрүндө муну эске алышы керек. Биздин өлкөдө миллиондорду жашыруу мындан ары мүмкүн эмес”, - дейт Бакыт Бакетаев.