Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчи болуп Баткен облусунун губернаторунун орун басары дайындалды

Жылдызбек Исакулов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Буга чейин аталган кызматты Ренат Түлөбердиев жетектеп келген.

Жылдызбек Исакулов 42 жашта. Баткен облусунун Лейлек районунда туулган. 2018-жылдын декабрь айында өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары кызматына дайындалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан