Ырчы Дайыр Исмадияровдун унаасын уурдап, жол кырсыгына кабылган жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.
"Ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгында унаа урдоого шектелип Талас облусунун 1997-жылы туулган Р.А. аттуу тургуну кармалган. Кармалган бала Жаза процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кошумча тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалган бала башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар болушу мүмкүн", - дейт маалымат кызматы.
Шектүү кармалгандан кийин Дайыр Исмадияров тергөөчү топко ыраазычылыгын билдирди.
Окуя 29-апрелде таңкы саат 4:00дө Бишкектеги "Империя-Пиццы" жайында болгон. Анда белгисиз адамдар ырчынын күрмөсүн уурдап кетишкен. Күрмөнүн чөнтөгүндө акча жана автоунаанын ачкычы болгон. Алар Дайыр Исмадияровдун унаасын айдап кетишкен.
Ал эми ырчы унааны үйүнүн короосунда токтоп турган жеринен белгисиз адам уурдап кеткенин айткан. Көп өтпөй эле уурдаган адам жол кырсыгына кабылганын, 10 миң долларлык унаасы жарактан чыкканын билдирген.