Кара-Сууда жеңил унаа 80 жаштагы карыяны сүзүп кетип, ал ооруканага жетпей каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда жеңил унаа 80 жаштагы карыяны сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 8-июнь күнү, саат 23:00 чамасында Ош-Кара-Суу унаа жолунун 2-чакырымында, тактап айтканда, Нариман айылында болгон.

"Кара-Суу районунун тургуну Т.Б. өзүнүн Мерседес Вито үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, аталган айылдын 80 жаштагы тургунун сүзүп алган. Натыйжада жабырлануучу аймактык ооруканага жетпей каза болгон. Бул жол кырсыгы боюнча Кара-Суу РИИБи тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деди басма сөз кызматкери.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан