Артында 2 уул, 1 кызы калды... Нарын ОИИБинин кызматкеринин өлүмүнө шектелген айдоочу кармалды

Нарын ОИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкери, милициянын подполковниги Күнболот Касымалиевдин өлүмүнө шектелген айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн маркумдун денеси жерге берилип, ага облустук милициянын жетекчилиги жана кесиптештери катышты. Белгилүү болгондой, милиция кызматкерин сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен айдоочу кармалып, андан сырткары 3 адам суракка алынган. Учурда бул окуя боюнча тергөө улантылууда.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Окуя 9-январдан 10-январга караган түнү болгон. Анда болжол менен саат 01:00 чамасында Ысык-Ата РИИБине Бишкек-Торугарт автожолунун айланып өтүүчү жолунан адамды унаа сүзүп кеткени боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Алга айылынын тушунан 35-40 жаш чамасындагы адамды унаа сүзүп, качып кеткенин аныкташкан. Жаракат алган адам ошол жерден каза болгон. Тактоо иштеринин алкагында каза болгон адам Нарын ОИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкери Күнболот Касымалиев экени аныкталган. Ал баласынын оорусуна байланыштуу аны Бишкектеги ооруканага көрсөтүү үчүн эмгек өргүүсүндө жүргөн. 36 жаштагы Касымалиевдин артында жубайы жана 2 уул, 1 кызы калды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaziko80
2019-01-12 19:48:59
Жайы Жаннатта болсун. Кудай курулай дооматтан, бей ажал олумдон, айтылбай келген кырсыктан сактасын тооба кылдым Кудай дей турган заман болду.
+15
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан