Дүйнөдөгү эң бай ырчы айымдар аныкталды

Forbes журналы дүйнөдөгү эң бай ырчы айымдарды аныктады. Чет элдик басылмалар ырчылардын көбү каражатты жарнама аркылуу тапканын жазып чыгышкан.
Музыка дүйнөсүндө эң бай дегендердин сап башын ырчы жана актриса Рианна камсыздаган. Анын байлыгы 600 миллион долларды түзөт. Ырчы бул каражаттарды чыгармаларынан эмес, Louis Vuitton, Moet, Hennessy кийимдер бренди, Fenty Beauty косметикалык каражаттарды жарнамалоо аркылуу тапкан.

Андан кийинки орунду ырчы Мадонна ээлеген. Анын кирешеси 470 миллион долларды чапчыйт.

Ал эми үчилтикти ырчы, аткаруучу Селин Дион толуктаган. Ырчынын байлыгы 450 миллион долларга жеткен.

Эң бай ырчылардын ондугуна 400 миллион доллар тапкан ырчы, бийчи, актриса Бейонсе кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2019-06-05 12:50:30
Американын звездалары го баары эле
+1
bek_tash
2019-06-05 13:19:23
Анжелика сабыр кыл козу.
+6
Avrora2017
2019-06-05 15:17:55
Биздин звездалар мындай акча тапса опколору корунуп калмак
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан