Ороктогу жаңжал. Аялдар мушташып кете жаздады

Бүгүн, 6-июнда Орок айылында жергиликтүү тургундар кайым айтышып, бир нече аял мушташып кете жаздады. Өздөрүн ачууга алдырган бир нече аял мушташууга аракет кылышты. Аларды арачы түшкөн милиция кызматкерлери токтотту. Жол эки тараптуу тосулуп, урушуп жаткандарды экиге бөлүп ортосу тосулду.

Кайым айтышуу жергиликтүү тургундардын бири аларга кысым көрсөтүлүп жатканын айткандан улам келип чыкты. Бул сөздү уккан бир нече аял сөзүн далилдөөнү талап кылды. Мындан улам ортого эркек кишилер да киришип, мушташ чыгып кете жаздады.

Окуянын чоо-жайы:

5-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм бала бири-бири менен уруша кетишкен. Уруштан 2 өспүрүм жабыркап, ооруканага жеткирилишкен. Мындан соң урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга жат келген иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Башаламандык уюштурууга шектелип 30дай киши Сокулук РИИБине жеткирилген.

Ороктогу жаңжал. Аялдар мушташып кете жаздады
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ilimbek010996
2019-06-06 15:38:13
Биздин аялдар кыйын
+4
Kanat.tls
2019-06-06 17:57:46
Эркектерге салыштырмалуу
+3
rysik79
2019-06-06 19:04:30
Бабановту алып келгиле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан