Өкмөт Туйгунаалы Абдраимовдун журналистке кылган орой мамилеси боюнча билдирүү таратты

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун журналистке кылган орой мамилеси жалпы аткаруу бийлигинин бутагына көлөкө түшүргөнү үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкүнүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

"Премьер-министр мамлекеттик органдын башчыларын дайыма ачык, айкын болууга чакырат. Ал дайыма ачык, айкындуулук менен жарандардын ишенимин жогорулатса боло турганын белгилеп айтып келет. Бардык жагдайларды текшергенден кийин премьер-министр Абылгазиев Туйгунаалы Абдраимовдун иш-аракетине баа берүү маселесин карайт", - деп жазылат маалыматта.

Кечээ, 5-июнда Туйгунаалы Абдраимов Орок айылындагы жаңжал боюнча комментарий берүү учурунда суроолорго кыскача жооп берип жатып толук маалыматты КТРК телеканалына гана берерин айткан. Буга байланыштуу журналисттин "Эмнеге?" деген суроосуна ал "ырайыңыз жаккан жок" деп орой мамиле кылган.

Бүгүн, 6-июнда журналисттер Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын алдында Абдраимовдун отставкасын талап кылып, нааразычылык акциясын өткөрүштү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
lightning57
2019-06-06 14:15:52
Видеосун коруп алып аябай кулкум келди,озун кузгудон корду бекен деп...
+11
katerina.li
2019-06-06 14:32:17
Эмнесин текшеришет эми. ?? Айдаш керек шыр эле жумуштан
+13
Talantbek80
2019-06-06 14:55:09
Бул жумуштан бошотуп башка бир жумуш сунуштайт да такыр иштетпей койсо ушундай орой чиновниктерди кайра эле чон кызматка барат буга окшогондор
+6
Tursunbaev2017
2019-06-06 15:04:42
бүгүн айдайт,эртең дагы бир жерге дайындайт
+3
nazgul1905
2019-06-06 16:01:20
Кыргыз элим жок болуп кетет бекен бул жолдо кетсе,жалан бийликти акчага сатып алып иштегендер,окунучтуу!!! Журналист ошол жерден микрофон менен ХХХХ чаппаптыр да,тилинден тап деп,аттин!!!
+5
rysik79
2019-06-06 17:41:18
Туйгунаалы маладес эле киши. Обл админ зданиеси сарай болуп калган азыр ондоду. Сотрудниктерин бир тешике титиретет. Буша чейинки губерлер бири иштеген эмес. Болгону дерзкий мужиктердин катарындагы эркек. Соке моке аша маша кашаларынды деле коой дос наармальний болгун деген ушул жигитибиз го.
-6
Defend.
2019-06-07 12:50:22
rysik79, сен эле көрүп тургансып каяктагы жомокту жазбачы
+4
Ysakov_Nur
2019-06-06 17:57:49
Бийликтин шалаакылыгынан кыргыздар оз уйубузго, оз мекенибизге огой баладай батпай калдык...
0
Skarlett-Skarlett
2019-06-06 19:14:17
Орун алмашса сумма озгорбойт болот да бул жагы.
0
Erik2018
2019-06-07 09:28:55
Бул губернатор дагы жооп бере турган күн келет анчалык табалабайлы туугандар. Эсине келтире турган адамдар узака барбайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан