Түркиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Маалым болгондой, кечээ, 5-июнда Сокулук районунун Орок айылындагы жарандардын ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча укук коргоо жана жергиликтүү органдарынын эл менен жүргүзүп жаткан иштеринин жүрүшүндө элчинин ошол жерде болушуна байланыштуу түрк тарабына министрликтин нотасы тапшырылды.
Министрлик Түркиянын элчисин өз аракеттери менен Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишпөөгө, сабырдуулук көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырды.
Окуянын чоо-жайы:
5-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм бала бири-бири менен уруша кетишкен. Уруштан 2 өспүрүм жабыркап, ооруканага жеткирилишкен. Мындан соң урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга жат келген иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Башаламандык уюштурууга шектелип 30дай киши Сокулук РИИБине жеткирилген.
Окуя болгон жерге түрк элчисинин баруусу социалдык тармактарда катуу талкууга алынып, анын Кыргыз өлкөсүнүн ички маселелерине аралашуусу сынга алынууда.