Орок айылында чыккан жаңжал боюнча шектүү катары айылдык кеңештин депутаты Кылыч Боркоев кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, депутат азыркы учурда убактылуу кармоочу жайда кармалууда.
Окуянын чоо-жайы:
5-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм бала бири-бири менен уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм бала 1 баланы жалгыздап сабап салышып, жабыркаган бала ооруканага жеткирилген. Мындан соң урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга жат келген иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Буга шектелип 30дай киши Сокулук РИИБине жеткирилген.