Ороктогу жаңжал. Бийлик өкүлдөрүнүн "маселе чечилди, ынтымакка келдик" деген сөздөрүнө чогулгандардын ичи чыккан жок

Сокулук районуна караштуу Орок айылында жергиликтүү тургундар бүгүн да чогулуп, кечээ орун алган жаңжал боюнча териштирүү иштерин жүргүзүштү. Саат 14:00дөн кийин сабыры түгөнө баштаган жергиликтүү тургундарга бийлик өкүлдөрү келип жолугушту.

Алар аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү менен бирге кеңешме өткөрүп, чогулгандарды ынтымакка чакырды. Бирок буга чогулгандар макул болбой, алар маселени чечишпегенин айтышып, "эч ким менен сүйлөшкөн жок, элге түшүндүрбөй эле кетип баратат" деп кыйкырышты.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Аширбаев: "Биз мечиттин жанындагы чогулушта сүйлөшүп, бир чечимге келдик. Эки тарап ынтымакка келип, бирин-бири кечиришти. Кечээ үйлөрүнүн айнектери талкаланып, арыз жазгандар тосмо арыз жазып беришти. Ал эми сабалган бала боюнча иликтөө иштери улантылат", - деп убадалады Аширбаев.

Ал эми Орок айылында чыккан жаңжал боюнча шектүү катары кармалып, кийин үй камагына чыгарылган айылдык кеңештин депутаты Кылычбек Боркоев чогулгандарды ынтымакка үгүттөдү.

Чогулгандар бул жыйынтыкка ичтери чыкпаганын жашырган жок. Аттарын атагысы келбеген бир нече жергиликтүү тургун бийлик өкүлдөрүнө кайрылышып: "Силер азыр кетип каласыңар, ал эми көйгөй ошол бойдон чечилбей калды. Бул маселе чечилген жок жана кийин дагы көтөрүлөт", - деп кыйкырышты.

Окуянын чоо-жайы:

5-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм бала бири-бири менен уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм бала 1 баланы жалгыздап сабап салышып, жабыркаган бала ооруканага жеткирилген. Мындан соң урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга жат келген иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Буга шектелип 31 киши Сокулук РИИБине жеткирилген. Бир нече сааттан кийин алардын бардыгы бошотулган.

Ороктогу жаңжал: Чогулгандар маселе чечилди деген сөзгө макул болгон жок
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан