Орок айылындагы жаңжал: 15 үйдүн айнеги талкаланып, жергиликтүү тургундун сарайы өрттөлдү

Бүгүн, 5-июнда Чүй облусундагы Орок айылында Айт намаздан кийин орун алган өспүрүмдөрдүн мушташынан улам жергиликтүү тургундар арасында жаңжал чыкты. Жаңжалдан улам сарай өрттөлүп, бир нече үйдүн айнектери талкаланган.

Учурда жергиликтүү тургундар айылдын ортосуна чогулуп, Айт намаздан кийин жергиликтүү 2 тургун тарабынан катуу сабалган 2 өспүрүмдү сабагандарга карата чара көрүүнү талап кылышууда. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаңжалды басуу аракеттерин көрүүдө.

Мындан сырткары жаңжал учурунда 15 турак жайдын жана бир нече унаанын айнектери талкаланып, жергиликтүү тургундун сарайы өрттөлгөн.



Орок айылындагы жаңжал
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aydinnur
2019-06-05 19:14:36
Жергиликтүү түрктөр менен кыргыздардын ортосунда болгон уруш турбайбы... Эмнеси болсо да күнөөлүү тарап жазаласын.. Бирок башка сайттагы видеодо жалаң эле кыргыз улутундагы балдарды кармап жатыптыр го..
+6
Kyrgyz_bloger
2019-06-05 19:29:29
Турктор эмес алар курттор болуш керек.
+4
shankol88
2019-06-05 19:33:03
Бизде ушундай болуп калды кимден акча жесе ошол тарапка тартмай...
+3
maks.kgz
2019-06-05 20:37:45
Алланын алдына барганда чыныгы акыйкат чечимди көрөбүз.Азыркы соттор, тартип сакчылары, Соке,Абылгазиев булар жетер чегине келип калган өңдү көрүнөт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан