Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сагындык Келдибаев учурда Орок айылында абал кандай экенин сурады.
"Бүгүнкү күндө элдин ынтымагы кандай? Түркиянын Кыргыз мамлекетиндеги элчиси ал жерге эмнеге барды? Кенен маалымат бересизби", - деп депутат ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго кайрылды.
Курсан Асанов: "Орозо айт учурунда эки баланын урушуп кеткени үчүн ызы-чуу чыккан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда республика боюнча абал туруктуу. Орок айылында маселе бар. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Ал эми элчи боюнча комментарий бергеним туура эмес болуп калат", - дейт.
Окуянын чоо-жайы:
5-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм бала бири-бири менен уруша кетишкен. Уруштан 2 өспүрүм жабыркап, ооруканага жеткирилишкен. Мындан соң урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга жат келген иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Башаламандык уюштурууга шектелип 30дай киши Сокулук РИИБине жеткирилген. 6-июнь күнү айылдын ичине жергиликтүү тургундар чогулуп, маселени чечүүнү талап кылышкан. Бийлик өкүлдөрү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ынтымакка келүү чакырыктары айтылган. Бирок айылдын тургундары буга макул болушкан жок. Алардын айтымында, жергиликтүү бийлик маселени чечпестен эле тарап кетишкен.