Кечээ, 5-июнда Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Орок айылында жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыккан. Чырдын башы Айт намазын окуп мечиттен чыгып келе жаткан 3 өспүрүмдүн урушунан башталган. Жабыркаган жана токмоктогон балдардын туугандары эки жаат болуп тирешип, бул массалык урушка алып келген. Жаңжалды басуу үчүн милиция кызматкерлери, Ички иштер министри баш болгон топ жерине барган.
Жаңжалдан улам 15тей турак үйдүн терезелери талкаланып, унаа жана сарайларга жыйылган чөптөргө өрт коюлган. Мушташтан жабыркаган 2 өспүрүм Бишкекке ооруканага алып келинип, бири травматология, экинчиси кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Окуянын урунттуу учурлары төмөнкү видеодо топтолгон. Ал эми толук версиясы саналуу убакыттардан кийин порталга жарыяланат.