Орок айылында аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү эл менен жолугушуу үчүн келишти.
Чогулган эл акыйкат чечим чыгарууну өтүнүп, кечээ эки өспүрүмдү ур-токмокко алган 2 жаранды айылдан көчүрүү талабын коюуда. Мындан сырткары алар бүгүн камакка алынган айылдык кеңештин депутаты Кылычбек Боркоевди алып келүүнү талап кылышты. Ал келмейинче эч кандай сүйлөшүүгө барбай турганын айтышты.
Чогулган элге келген тургундардын бири Кылычбек Боркоев жолдо келе жатканын айтты. Учурда чогулгандардын саны 80-90 адамга жакын.
Окуянын чоо-жайы:
5-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм бала бири-бири менен уруша кетишкен. Уруштан 2 өспүрүм жабыркап, ооруканага жеткирилишкен. Мындан соң урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга жат келген иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Башаламандык уюштурууга шектелип 30дай киши Сокулук РИИБине жеткирилген.