Зарылбек Рысалиевдин абалы оор. Ага телефон колдонууга тыюу салынды

Ооруканада жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу Клиникалык оорукананын башчысынын орун басары Александра Олексюк билдирди.

Анын айтымында, Рысалиев жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек. "Ал түшүнүктүү, бирок жай сүйлөп жатат. Эртең биз консилиум чогултуп, мындан аркы дарылоо тактикасын аныктайбыз. Качан ооруканадан чыгары али белгисиз", - деди Олексюк.

Зарылбек Рысалиевдин телефону таң эртеден бери өчүк болууда. Дарыгерлер ага телефон колдонууга тыюу салышты. Ал 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сурак берип жатып өзүн начар сезип, ооруканага жеткирилген. Ошол күнү кечинде Рысалиев "кан басымым көтөрүлүп кетиптир, азыр абалым жакшы эле" деген.

Азиз Батукаев түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен чуулуу окуя учурунда Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
kechirmeni
2019-06-10 16:35:44
не дейбиз, жакшы болуп кетсин!
+4
Adi010891
2019-06-10 16:42:15
Батукаевди чыгарып атканда, озунун ден соолугун каратып койсо болмок экен
+9
BekAmir
2019-06-10 16:44:07
Камалганда сразу оорукчан болуп калышат
+7
Altyn2017
2019-06-10 17:42:42
калп эле ооруп калышат догдурларды сатып алып конуп калганда бул жерде да калп эле ооруп атат деп айттырып ататда.
+6
bond02
2019-06-10 19:48:47
Башка бир жирный жерден же министерстводон жумуш сунуштап корсонор сразу сакайып кетет болуш керек.
+8
Agayu
2019-06-10 21:15:27
Бул жашоо бийлик учун эле жаралган экен да , жэп жатканда бир тузук башынв иш тушкондо оорумай .
+3
Avrora2017
2019-06-10 21:18:56
Жанынарды жейсинерго , эптеп кутулуп кетиштин амалы да, мындай чондор камалбай калсын бизде , кече эле таскактап журуп бугун олумуш болуп калганын
+3
Aidar.001
2019-06-10 22:35:34
Жакшы карап, даарылап бергиле эми, куноосу болсо жооп берсин! !окунучтуусу
жугуруп жургон эле чондорубуз суракка чакырганда гана оорулары башталганы! Ага чейин деле денсоолуктарын карап суракка даярданып турушпайбы дейм да! !
+3
Shabi
2019-06-11 01:10:05
Бизде, ооруп больницада жатты деп туруп эле андан ары качып кетишчу эле
+2
Take_men
2019-06-11 08:40:58
Как раз врач тааныштары көп любой справка жасап берчү. Дагы справкагейт башталды
+1
-ali
2019-06-11 11:19:03
Крга ишке орношууга биринчи медкомдон откоруш керек жегенде аттай камалса олотон касал чыгышат
0
KYRGYZ_bolson_BRAT
2019-06-11 11:35:08
Урматтуу чондор силерден сураныч бул чала актёрлордун жазасын катуу беришинерди талап кыламын!!! СИЗОго киргенде эле ооруй беришеби???
+1
Almaz.bim
2019-06-11 12:16:02
Шумшуктор сурака келгенде эле гелесоо же оорулуу болуп калышат.
Бизде бийликте эмне жалан гелесоо оорулуулар иштейби?
Ар нерсенин чеги бар жооп беретурган убак келди
+1
Wold
2019-06-11 12:55:48
Өлүмүштөр десе, ошончо миллиондогон акчаларды жеп жүрүп ден-соолуугуңаргада миллиондордон чактап, өзүңөрдү бекемдеп албаган экенсиңерда. Эмнеге эч кимиңдин ашказаныңар оорубай эле давления, кан басымыңар эле ооруй берет?)).
+1
Krasnyi.kg
2019-06-11 13:10:51
Чиновниктерди ишке орноштуруудан мурда мед смотрдан бир сыйра өткөрүш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан