Бүгүн, 15-июнда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча тергөө абагына камакка алынган мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Улуттук кардиология борборуна жаткырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, дарыгерлердин консилиуму жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунушу менен Салянова ооруканада калды.
Бүгүн Аида Салянова Улуттук кардиология борборуна алып келингенин анын тууганы Чынара Турдалиева кабарлаган. Буга чейин Турдалиева Саляновага СИЗО-1ге камакка алынган күндөн баштап ден соолугуна байланыштуу 2 жолу "Тез жардам" кызматы чакыртылганын айткан. Бирок Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы "Тез жардам" кызматы бир эле жолу чакыртылганын билдирген.
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталып, 26-июнга чейин СИЗО-1ге камакка алынган.