Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда эки жеңил унаа сүзүшүп, бири ичиндеги жүргүнчүсү менен кошо күйүп кетти. Маалыматты облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктап, буларды билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 28-июль күнү саат 08:00 чамасында Ош-Бишкек унаа жолунун 319-400-чакырымында болгон. Анда Toyota Camry унаасы менен Honda Stepwgn унаасы сүзүшкөн.
"Кырсыктан улам Honda Stepwgn унаасынын ичиндеги жүктөр, документтер жана жүргүнчү болуп келе жаткан жаран кошо күйүп кеткен. Калган 5 жүргүнчү жана айдоочу Токтогул районунун Үч-Терек аймактык ооруканасына жеткирилген. Ал эми Toyota Camry унаасынын айдоочусу ооруканадан биринчи медициналык жардам алып, үйүнө чыгарылган. Ошондой эле жүргүнчүлөр эч кандай жаракат алышпагандыктан үйлөрүнө кетип калышкан".
Учурда унаада күйүп кеткен жарандын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүүдө. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Такталган маалыматтар боюнча Honda Stepwgn унаасында бара жаткан жүргүнчүлөр Өзбекстандын Фергана облусунун тургундары. Алар Бишкек шаарында курулуш иштеринде иштеп, үйлөрүнө кайтып бара жатышканы аныкталган.