Бүгүн, 6-мартта Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунда экс-мэр Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иштери боюнча кийинки соттук отурум 13-мартка дайындалды.
Соттук отурумдун жүрүшүндө зал кичинекей болгондуктан айыпталуучулардын тарапташтары, жакындары жана журналисттер батпай, ЖМКнын өкүлдөрү сыртка чыгарылды. Ишти карап жаткан Ленин райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Касымбеков залдан сүрөт жана видео тартууга тыюу салды.
Айыпталуучулардын жактоочусу Сергей Слесарев SUPER.KG порталына сот отурумун өткөрүү үчүн эч кандай тиешелүү шарттар каралбаганына нааразы экенин билдирди.
"Бүгүнкү соттук отурумга кылмыш иши боюнча айыпталып жаткандардын ичинен үчөөнүн жактоочусу келбей калганына байланыштуу соттук отурум 13-мартка жылдырылды. Анын үстүнө залда жактоочулар үчүн да эч кандай шарттар каралбаганы боюнча айтылган сындар да эске алынды", - дейт жактоочу.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда.