Нарында жеңил унаа оодарылып кетип, 3 жашар кыз чарчап калды

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жеңил унаа оодарылып, 3 жаштагы кыз чарчап калды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 26-июнь күнү саат 17:20 чамасында Нарын-Баетов унаа жолунда болгон. Анда Хонда Одиссей унаасы кырсыкка кабылган.

"Унаанын ичинде 5 жүргүнчү келе жаткан. 3 жашар кыз чарчап калса, 4 жаран Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылган. Айрым жабырлануучулар бүгүн, 27-июнда ооруканадан чыгышты. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматкери.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан