Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Мындай маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.
Маалыматка караганда, 4-январь күнү болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 283-чакырымында МАН үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылган. Анын ичинде бара жаткан 6 жүргүнчүнүн үчөө каза болуп, үчөө жаракат алышкан. Ошондой эле унаанын ичинде 21 баш бука болгон. Кырсыктын кесепетинен 21 буканын 19у өлүп калган.
"Унааны айдап бара жаткан 22 жаштагы айдоочу рулду башкара албай калып, тосмону сүзгөн. Андан өтүп барып, кырдан ылдый түшүп кеткен. Жаракат алган жүргүнчүлөр Кочкор райондук ооруканасына жеткирилишкен. Унаадагы адамдар Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургундары болушкан. Алар унаадагы букаларды Токмок шаарынын мал базарына алып бара жатышкан", - деди Тилек Оторов.