Бишкектин А.Токомбаев көчөсүндө жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кеткен окуя катталды. Анда 27 жаштагы жөө жүргүнчү каза болду. Маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
"Окуя 24-февралда, болжол менен түнкү саат 23:00 чамасында катталган. Анда 27 жаштагы Н.Д. аттуу жаранды Фольксваген Гольф-5 үлгүсүндөгү унаасы менен күн батыш тарапты көздөй бара жаткан айдоочу сүзүп алган. Жаракат алган жаран Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилип, бирок алган жаракатынан улам каза болуп калган", - деп билдирет кызмат.
Окуя боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, тергөөгө жиберилди.