"Мекенимден качпайм, мени качырууга аракет кылгандар эртели-кеч өздөрү качат" деп бүгүн, 27-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев билдирди.
Ал Сооронбай Жээнбековду президент катары тааныбай турганын айтты. "Бийликтин мага карата чечимдерин тааныбайм. Эгерде атайын кызматтын жоокерлери үйүмө кирип келсе, каршылык көрсөтөм, жаран катары курал колдонууга мажбурмун. Бизде "жатып өлгөнчө, атып өл" деген сөз бар. Чындыгында аларга боорум ооруйт, мени камоо боюнча мыйзамсыз чечимдерди аткарып жатышат да", - деди Атамбаев.
Мындан тышкары ал үй-бүлөсү жанында, ал эми кызы балдары менен шаарда экенин белгиледи. "Кызымдын эки баласы бар. Эгер гранаталар жарылса, коркуп кетишпесин" деп кошумчалады мурдагы президент.
Бүгүн Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткан чечимди кабыл алды.