Алмазбек Атамбаев бүрсүгүнү Москвага сапар алышы мүмкүн экенин айтты

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-июлда Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен болгон кезектеги жолугушуусунда Москвага сапар алышы мүмкүн экенин айтты. Ал бул тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Кайсы жактан жана кандай учуп кетеримди чакырган тарап чечип жатат. Бүгүн дүйшөмбү, бүрсүгүнү шаршемби күнү учуп кетишим мүмкүн. Ким чакырып жатканын айта албайм. Себеби аны айтууга болорун же болбостугун сураган жокмун", - деди Атамбаев.

Экс-президенттин айтымында, ал Кыргыз өлкөсүнө 2 күндөн кийин кайтып келет.

Бүгүн Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов барып, экс-президенттин эмне үчүн суракка келбей жатканын сурап кеткен.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан