28-июндан 29-июнга караган түнү экс-президент Алмазбек Атамбаевди коргоо үчүн түзүлгөн "Элдик" штабда КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеевден маалымат алдык. Бул учурда штабдагылар буга чейинки күндөн башкача иш алып баруу үчүн өз ара кеңешип бүткөн эле.
"Кечээ мамлекеттик күзөт кызматы кеткен учурда штабдын мүчөлөрүндө кайсы бир абалга толук даярдыктын жок экени байкалган. Мындан улам бүгүн бардык кырдаалдар дыкат эске алынып, балдар ар кайсы жерге бөлүнүп иш алып барууну туура көрдүк", - деди Айтикеев.
Ошондой эле ал элдин ынтымагы башкы орунда экенин белгилеп, 2 "досту" ынтымакка чакыруу үчүн мындай учурларда аксакалдардын, интеллигенция өкүлдөрүнүн ортого түшкөнү туура болот деген пикирин айтты.
Мындан 4-5 күн мурун Алмазбек Атамбаевди коргоо штабы түзүлгөн. Ага Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын чечими себеп болгон. Депутаттык комиссия Атамбаевге 6 оор айып таккан. Кийин чечим Башкы прокуратурага жөнөтүлүп, аталган орган Атамбаевдин 5 оор кылмышка катыштыгы бар экенин маалымдаган.