Канатбек Исаев Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнө улакчыларды ээрчитип барабы? Исаевдин жообу

"Кой-Таш айылында өтөт деген митингге менин тиешем жок" деп бүгүн, 12-июлда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевге каршы митинг тууралуу экс-президенттин тарапташтарынан укту. "Балким, көк бөрү оюнун бирөөлөр уюштуруп жаткандыр. Мен эч бир улакчы менен сүйлөшкөн жокмун", - деди Исаев.

Мындан тышкары экс-депутат Нариман Түлеев да Кой-Таштагы антимитингге тиешеси жок экенин SUPER.KG'ге айтты. Ал буга чейин Атамбаевге каршы штаб түзүп, аны жетектөөгө даяр экенин билдирген.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев эртең, 13-июлда "Канат Исаев Кой-Ташка улакчыларды ээрчитип барабы? Жаман ишти баштап жаткан жокпу?" деп жазып чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан