Атамбаев: "Бүгүн-эртең жаңылыктар болот деп күтүп турам"

Бүгүн, 29-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугушуп, алардын жана журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2019-06-29 20:05:00

Атамбаев: "Бүгүн-эртең жаңылыктар болот деп күтүп жатам. Мага коргоонун кереги жок. Бирок барган сайын тарапташтарымдын саны көбөйүп жатат. Элге рахмат".

2019-06-29 20:00:00

Атамбаев: "Жалпы өлкө мен үчүн толук чыгат деп ишенбейм. Жалпы эл учурда аймактарда болуп жаткан баш аламандыкка каршы чыгат. Эгер мага бийлик керек болсо, президенттиктен кетпейт болчумун да".

 

2019-06-29 19:50:00

Атамбаев: "Митинг боюнча макулдашып жатабыз. Эң башкысы, кан төгүлсө, меники төгүлсүн".

2019-06-29 19:40:00

Атамбаев: "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өзүм курган үйдү мамлекеттин балансына өткөрдүм. Эмеректи өзүм сатып алгам. Баарын мамлекетке өткөрдүм".

2019-06-29 19:35:00

Атамбаев: "Мен 2016-жылы Роза Отунбаеваны жамандаган жокмун. Мен "сизди эч ким шайлаган жок" дегем".

2019-06-29 19:30:00

Атамбаев: "Мени кол тийбестиктен ажыратуу боюнча чечимди колдогон айрым депутаттар "айла жок добуш бердик" деп салам-дубайларын жөнөтүп жатышат. Алардын аттарын айтсам тебелеп салышат".

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан