Атамбаев Текебаевдин иши жана тажрыйбалуу чекисттин качып жүргөнү тууралуу ойлорун айтты (видео, хронология)

Бүгүн, 16-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугушту. Мындан тышкары ал журналисттердин актуалдуу маселелер боюнча суроолоруна жооп берди.

2019-07-16 20:30:00

Атамбаевдин тарапташтары менен жолугушуусу соңуна чыкты. 

2019-07-16 20:13:00

Алмазбек Атамбаев тарапташтары менен сүйлөшүп жатат.

2019-07-16 20:00:00

Атамбаев: "Мага тагылган айыптар ойдон чыгарылган. Мисалы, Батукаевди бошотуудан ким акча алганын билип туруп, ишти аягына чыгарса болот да. Бирок күнөөсүз адамдар камакта отурат. Алардын арасында ошол эле Аида Салянова. Кесипкөй чекист Бусурманкул Табалдиевдин качып жүргөнү бул иш ойдон чыгарылганын далилдөөдө. Азыркы бийлик ушундайга жеткирди".

2019-07-16 19:55:00

Атамбаев: "Эгер мен чет өлкөгө барып келгенимде, чек арадан өткөрүшпөсө, баары бир өлкөмө кирем. Бул жер менин мекеним".

2019-07-16 19:50:00

Атамбаев: "Өлкө азыр эң уят учурду башынан кечирип жатат. Бирок бул учур тазалануу үчүн керек деп ойлойм".

2019-07-16 19:45:00

Атамбаев: "Үмүт адамдарды жана партияларды ар кандай ойго келбеген иштерди жасоого түртөт эмеспи. Байкашымча, азыркы бийлик Текебаевдин тарапташтарына үмүт берип, аларды андан бетер баш ийдиргиси келе жатат. Текебаевдей адамдар парламентке керек. Сотто Текебаевдин күнөөсү далилденди. Ал өз жазасын алды деп эсептейм. Мен дайыма айтчумун, мыйзам чегинде иштегиле деп. Балким, Текебаевдин кылмыш ишинде мыйзам бузууга түртсөм болмок экен".

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан