Экс-президенттин Кой-Таштагы үйүндөгү убактылуу штаб штаттык режимде иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда SUPER.KG порталына Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.
"Штаб убактылуу жабылды деген кеп чындыкка жатпайт. Ал штаттык режимде эле иш алып барууда. Мындан сырткары пресс-борбор да өз ишин жүргүзүүдө.
Алмазбек Шаршенович күндөгүдөй эле бүгүн да эл менен жолугушууга келет. Бирок учурда штабда график түзүү боюнча тиешелүү иш-аракеттер жүрүүдө", - деди Жолдубаева.