КСДП: "Эртең түштөн кийин Атамбаевди кармоо операциясы болот деген маалымат түштү"

"19-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаевди күч менен кармоо боюнча тапшырма берилди" деп ишеничтүү булактарына таянып КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, кармоо операциясы түштөн кийин болмокчу, ага 1 миң 500 милиция кызматкери катышат.

Окуянын чоо жайы:

Алмазбек Атамбаев 8-июль күнү биринчи жолу, 10-июль күнү экинчи жолу, 18-июль күнү үчүнчү жолу ИИМге суракка чакыртылган. Суракка чакырууга байланыштуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басыңыз.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Экс-президенттин адвокатынын айтымында, парламенттин бул чечими мыйзамсыз.

Алмазбек Атамбаевди коргоо максатында 22-июнь күнү "Элдик штаб" түзүлгөн. Ошол күндөн тарта экс-президент Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугушууларды өткөрүп келет. Ага байланыштуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басыңыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан