Башкы прокуратура ири суммадагы пара талап кылууга шектелген Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басарын 20 жылга эркинен ажыратууну сурады

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Башкы прокуратура ири көлөмдөгү пара алган деп айыпталып жаткан Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевди 20 жылга эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдирди.

Маалыматка ылайык, соттук отурум бүгүн, 18-июлда болду. Анда ишти териштирүү улантылып, тараптар жарыш сөзгө чыккан. Ал эми жактоочулар кылмыш иши далилденбегенин айтып, айыпталып жаткандарды актоосун суранган.

Ошондой эле прокурор ортомчулук кылды деп айыпталып жаткан Болотбек Токтобаевди 4 жылга эркинен ажыратууну жана мүлкүн конфискациялоону сураган. Ал эми ишти ачууга көмөк көрсөттү деген Бехрус Гулрузовго коюлган беренени өзгөртүп, айып салууну сураган.

Кийинки отурум 30-июль күнү болот.

Окуянын чоо-жайы:

2018-жылдын 5-декабрында транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев "Тоdini" (Италия) деп аталган компаниядан 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалып камакка алынганын УКМКнын басма сөз кызматы тараткан. УКМКнын маалыматына караганда, Жусубалиев ал компаниядан жалпы жонунан пара катары 520 миң доллар сурап, буга чейин 120 миң долларын колуна алган, калган бөлүгүн кийинки апталарда алууну пландаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан