Транспорт жана жолдор министри: "Пара менен кармалган орун басарым коррупцияга каршы күрөштүн башында турган"

Министр Жамшитбек Калилов

50 миң доллар пара менен кармалган министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иштеп келген. Бул тууралуу SUPER.KG'ге транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

"Мен өзүм дагы бул тууралуу маалыматты эртең менен алып, нес абалда отурам. Министрликте акыркы бир жарым жылда коррупцияга каршы план, программа түзүп, кызматкерлерибизди мыйзамсыз иштерге түрткү кылып жаткан маселелерди аныктап чыкканбыз. Ошолордун үстүнөн иштөө үчүн адам факторун азайтуу боюнча кыйла иштерди кылдык. Орун басарым Азимкан Жусубалиев өзү менин тапшырмам менен ошол маселенин үстүнөн иштеп келген", - деди министр.

Калилов анын орун басары пара алды делген чет өлкөлүк компаниянын аты "Тоdini" (Италия) экенин баса белгиледи.

Сентябрь айында Эпкин, Башкууганды аймагындагы унаа жолдун 70 чакырымын курууга тендер өтүп "Todini" компаниясы утуп алган. Ал 70 чакырым жол Түндүк-Түштүк жолунун 2-фазасынын 3-участогу болуп саналат. Тендердик комиссияга Жусубалиев өзү төрагалык кылган. Комиссия курамында Каржы министрлигинин өкүлдөрү, коомдук байкоочу кеңеш жана биздин кызматкерлер болгон. Кийин комиссиянын корутундусун алып келишкенде кол коюп бергем. Жусубалиев мыйзамды бузган болсо эми жооп берсин", - деди Калилов.

Эгерде фактылар чын болгон болсо, пара берген тарап да жоопко тартылышы керектигин кошумчалады министр.

"Тендер өтүүдө мыйзам бузуулар, орун басарымдын пара талап кылганы чын болсо, бул компания менен мыйзамдын негизинде сүйлөшөбүз. Мыйзамда пара берген адам менен аны талап кылган адам бирдей жооп бериши керек. Ошондуктан компания да жоопко тартылышы керек. Компания долбоорду ишке ашырууну 41 миллион доллардын тегерегиндеги акчага утуп алган", - деди министр.

УКМКнын маалымат кызматы Азимкан Жусубалиев аталган компаниядан 50 миң доллар пара алып жаткан учурда кармалып камакка алынганын кабарлады. Андагы маалыматка караганда, Жусубалиев ал компаниядан жалпы жонунан пара катары 520 миң доллар сурап, буга чейин 120 миң долларын колуна алганын, калган бөлүгүн да кийинки апталарда алууну пландаган.

Азимкан Жусубалиев аталган кызмат ордуна 2017-жылдын февралында ошол учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун кол койгон буйругу менен келген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Azat.97
2018-12-06 16:50:49
Озу суттон ак да.
+6
uli1234
2018-12-06 17:12:20
Өзү да арадашкангоо начальниктин буйругу менен болот да бардык иштер
+5
ruslanz
2018-12-06 17:58:22
Министирликтеги корруп-я менен курош деп айткам дейт,мына карышкырга кой кайтарткан экен да.Олкодо мындайлар толтура да,окунучтуу.
+1
Koichuman
2018-12-06 17:58:39
Министр прокурорго! Пара берген тарапта жоопко тартылыш керек деп. Ушулар параны алганда тундук туштук жолу 5-жылга узартылды дейт эледа министр озу мурду кыйшайбай.
+2
CEO1
2018-12-07 08:46:46
Коррупциянын башында Жамшитбек Калиев озу турат. Буга чейин бул кишинин ишине канча канча сын айтылган. Бул киши ачык эле кытайлык компаниянын тарабын алып, тендерде утушту азербайжандык компанияга эмес, кытайлык компанияга берели деп да чыккан. Министрликте атайын унаа болунгонуно карабастан жол купуп жаткан кытайлардын ленд крузеринде журуп, ал окуя оомчулукка билинип ызы-чуу болгондо, актанып кайтарып берген, якобы билбей минип алган имиш...
+6
Жамалидин Парманкулов
2018-12-11 12:53:10
CEO1,
Саламатсызбы? Сиздин жазган комментарийиңизге Транспорт жана жолдор министрлиги расмий жооп кайтарды. Анда сиз айтып жаткан Ленд Крузер унаасы боюнча маселе мурдагы министр Замирбек Айдаровго тийиштүү болгонун айтышты. Андан сырткары "Бул киши ачык эле кытайлык компаниянын тарабын алып, тендерде утушту азербайжандык компанияга эмес, кытайлык компанияга берели деп да чыккан" деген сөздү учурдагы министр Калилов эмес, мурдагы министр Замирбек Айдаров айтыканын кошумчалашты.
0
CEO1
2018-12-07 08:49:37
Бугун "угуп алып нес болдум" деп жомок айтып отурган адам коррупциянын башы ошол. Кыргызстандагы жолдорду куруугун баары коррупция менен коштолуп жатат, тундук туштук алтернативдуу жолуна бир мушок цемент 5$ турса, булар 1кг цементти 70$дан эсептеген. Кыскасы коррупция боюнча журналисттер изилдеп мин конгуроо какса да бийлик укмаксан болуп келген.....
+3
Take_men
2018-12-07 12:15:46
520 миңдин 500 миңи ушул кишиге тиймек болсо керек ... Акыркы колду министр койот да
+1
damirbek.kg
2018-12-07 20:57:14
Ушундай "жанылыктарды" кун арада уга берип эмне максат менен жашап жатабыз Кыргызстан дегин' келет киши.
0
33SUUN
2018-12-07 21:16:27
Кол алдындагы адам сизсиз бир жумушту оз алдынча чечип баштаган болсо анда сиз министр эмес жонокой эле фигурантсыз.Создун маанисине тушунсонуз дубалды сузуп сузуп алсаныз керек.
0
Makain
2018-12-08 09:25:11
Өзү да барда ошондуктан ойноктоп жатат та
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан