Жайыл районунда 11 жаштагы баланы жеңил унаа сүзүп, ал окуя болгон жерден көз жумду

Чүй облусунун Жайыл районунда 11 жаштагы баланы жеңил унаа сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 9-июль күнү саат 09:00 чамасында Жайыл районунун Новониколаевка айылында болгон.

"Хонда Фит үлгүсүндөгү унааны 21 жаштагы айдоочу айдап бара жатып кырсыкка кабылган. Унаа 11 жаштагы баланы сүзүп, жабырлануучу "Тез жардам" кызматы келгенче окуя болгон жерден каза болуп калган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, унаа айып короосуна токтотулду. Башка бардык тийиштүү иштер Жайыл РИИБи тарабынан аткарылууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2019-07-09 16:40:59
Баарыбыз эле рулда журобуз, абайлайлычы туугандар, ата энесине сабыр
+4
Suzak12
2019-07-10 14:19:00
Аллахым сабыр берсин абайлап айдайлы туугандар жок дегенде мектептин астынан откондо акырын айдайлы тууганар.
0
admin_media
2019-07-10 15:15:44
MEN95,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан