Бишкек-Ош жолунда эки унаа сүзүшүп, эки адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунун 155-чакырымында (Париж тилкеси) Хонда-Степвагон жана Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 2 эркек киши каза болуп, 5 адам (3 эркек жана 2 аял) жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда катталган жол кырсыгында куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар "Тез жардам" кызматы тарабынан Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Учурда каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан