Экс-президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусунан кийин билдирүү жасады.
"Бул пикир алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк болду. Мен жогорку деңгээлде өткөн жолугушуунун уюштурулганына ыраазымын. Орусия Кыргыз мамлекетинин досу, стратегиялык өнөктөшү экенин дагы бир жолу далилдеди, бирок ички көйгөйлөрүбүздү өзүбүз чечебиз.
Биз Кыргыз жериндеги жана аймактагы кырдаал тууралуу сөз кылдык. Кыргыз жеринде туруктуулук керек экенин, бул үчүн конфликтте эки тарап тең бирдей аракет кылуусу керектигин сүйлөштүк.
Биз дагы бул эки тараптуу жол деген ойдобуз. Азыркы бийлик укуктук жаатка кайтып келиши кажет.
Ал соттук иштерди кароодо объективдүүлүгүн көрсөтүп, каршылаштарын саясий куугунтуктоону токтотушу зарыл. Менин тарапташтарым шайлоого тынч даярданууга мүмкүнчүлүк алышы керек. Бул тууралуу Владимир Путиндин Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүү ниети бар.
Өзүбүз тууралуу айтсак, Жээнбеков тараптан ошондой кадамдарды көргөндө гана оппозициянын күн тартиби дароо өзгөрөт. Саясий чыңалуу азаят. Муну Кыргыздын келечеги үчүн биз дагы каалайбыз. Андан ары бийлик өлкөнүн өнүгүшү зарыл болгон долбоорлорду ишке ашыруусу керек. Биз жардам берүүгө даярбыз.
Качан гана Кыргыз жарандары президент Жээнбеков өлкө үчүн иштеп, оппозиция шайлоого тынч даярданып жатканын көргөндө эл тынчтанып, саясий туруктуулук орун алат. Владимир Путин менен биз ошол тууралуу сүйлөштүк. Биз буга чейин 3-июлдагы митингде убадалагандай эле бийликтен алгылыктуу аракеттерди сентябрь айына чейин күтөбүз", - деп айтылат билдирүүдө.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Москвага учуп барган. Анда Владимир Путин "Кыргыз өлкөсүнө саясий туруктуулук керек. Эл азыркы бийлик, президент Сооронбай Жээнбеков тарапта болушу абзел" деген.