Алмазбек Атамбаев майрамдарга чакырылып, кол тийбестиктен ажыратууда чакырылбаганын айткан депутат нааразы болду

"Мамлекеттик протокол деген бар, бир кагаз жөнөтүп койсоңор болмок. Майрамдарга экс-президентти чакырууну унутпайсыңар, ал эми бул маселеге чакырылган эмес" деп бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеште депутат Асел Кодуранова билдирди.

Жыйында “Экс-президент Алмазбек Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору окулуп, башкы прокурор депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Депутат башкы прокурорго кайрылып, "бул маселени карап жатканда экс-президент Алмазбек Атамбаевди чакырдыңыздар беле?" деп суроо узатты.

"Экс-президентти чакырууга мыйзам жол бербейт" деди башкы прокурор.

"Эмнеге?" деди депутат.

Буга Өткүрбек Жамшитов "анын экс-президент деген статусу бар" деп жооп узатты.

Депутат "өкүлү эмне себептен чакырылган жок анда?" деди.

"Өзү чакырылган соң, анын өкүлү да чакырылат" деп жооп кайтарды башкы прокурор.

"Атайын депутаттык комиссия бул маселени бир тараптуу карады. Алар экс-президентти да, анын өкүлүн да чакырган жок. Бул туура эмес деген ойдомун. Экс-президент жөнөкөй киши эмес, ал 6 жыл өлкөнү башкарган киши болчу", - деди депутат.

Буга депутат Талант Мамытов чакыруу ЖМКлар аркылуу болгонун айтты.

"Комиссиянын отурумдарында ал келип катышса болот деп айтылган, чечим кабыл алынгыча аны угууга даярбыз" деди депутат.

"Мамлекеттик протокол деген бар, бир кагаз жөнөтүп койсоңор болмок. Майрамдарга расмий чакыруу жөнөткөндү унутпайсыңар, ал эми бул маселеге чакырылган эмес" деди Кодуранова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан