Алмазбек Атамбаев мамлекеттик күзөт кызматы алынды деген маалымат боюнча оюн айтты

Бүгүн, 28-июндун таңында экс-президент Алмазбек Атамбаевди коргоого алган мамлекеттик күзөт кызматы алынганы маалымдалган. Кийинчерээк бул маалыматты УКМК четке какканы менен КСДПнын өкүлдөрү күзөт кызматындагылардын саны кыскарганын, алардын ордуна башка күзөтчүлөр келбегенин айтышкан.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Атамбаевдин өзүнүн оюн укту: "Эмне үчүн күзөт кызматындагылардын санын кыскартканы белгилүү да", - деди ал.

Ал эми "Мамлекеттик күзөт кызматындагылардын саны кыскарбаган учурда деле, сиз ал кызмат мени толук коргойт деп ишенет белеңиз?" деген суроого "Мен элиме ишенем" деген жооп кайтарды.

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик күзөт кызматы боюнча оюн айтты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан