Аида Салянованын жүрөгүнө жасалган анализдеринин жыйынтыгы чыгып, жүрөгүнө панкардит диагнозу коюлду

СИЗО-1де камакта отурган мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага жасалган анализдердин жыйынтыгы чыгып, анда прокурорго панкардит деген диагноз коюлду. "Бул диагноз жүрөктүн бардык катмарлары сезгенген дегенди түшүндүрөт" деп билдирди Салянованын сиңдиси Чынара Турдалиева.

Маалыматка ылайык, Аида Салянова тез арада операция жасатууга муктаж.

"Аида Салянованын абалы күндөн-күнгө оорлоп жатканын жактоочусу аркылуу угуп жатабыз. Себеби анын гана жолугуп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Биз, туугандары, жакындары анын ден соолугун ойлоп кабатыр болуудабыз. Анан дагы СИЗОнун дем жетпеген камерасында уктай албай жатканын айтууда", - деди Турдалиева.

21-июнда Биринчи Май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча экс-прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Ал ушул жылдын 3-июнунда кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mars575
2019-07-30 14:31:18
Чыгаргыла аял кишини кыйнабай, Атамбаевди саткан жок да. А эмне анда Атаханав чыгат. Аида Женишбековна бул кундор да отот, кайрат кылыныз!
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан