Зарылбек Рысалиев: "Кан басымым көтөрүлүп кетиптир. Ооруканада жатам" (толукталды)

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев ооруканада жатканын SUPER.KG порталына билдирди. "Кан басымым көтөрүлүп кетиптир. Азыр абалым жакшы эле", - деп эл өкүлү саат 21:30га карата айтып берди.

Рысалиев 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизүү тууралуу протокол боюнча так жооп бербей, Башкы прокуратуранын маалыматына таянууга чакырды. Бул мекеме Рысалиевдин камакка алынбаганын, күбө катары сурак бергенден кийин коё берилгенин билдирген.

Бүгүн, 7-июнда Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сурак берип жатып өзүн начар сезип, ооруканага жеткирилген.

SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлашкандай, сурак аяктагандан кийин Рысалиевди 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизүү боюнча протокол түзүлгөндө, өзүн начар сезип баштаган. Мындан улам ооруканага жеткирилип, аны конвой кайтарып жатканы айтылган.

Азиз Батукаев түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен чуулуу окуя учурунда Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
erlan2196
2019-06-07 23:55:08
Азыркы Жээнбековтор калп эле саясий шоу уюштуруп жатат. Типа чындык менен курошуп жатам дегенсип. Чын чынына келгенде Батукаевтын өлкөдөн кетишин жана азыркы миллиондоп тоноп жаткан Раиммиллиондорду салыштырып болбойт.
-6
tyka
2019-06-08 00:11:37
Анча мынчага эле эчтеке болчу генерал эмесмин деп жатты беле?
+6
Shabi
2019-06-08 01:05:46
Бир зекти качырабыз деп.жонокой даарыгерден баштап прокур,депутат,экс прездентке чейин зек болмой болду го
+6
KaGaH
2019-06-08 01:10:52
Мамлекеттик кызматтар, депутат болуу ден соолукка зыян окшойт деп ойлонуп атам,баары эле кылмыш иш козголгондо оорулары күчөп кетет го,за вредность да акча коштургула айлыка,байкуштар аябай боорум ачып атат.кыйын силерге эл жүгүн көтөрүп,кара жаныңарды карч уруп иштейсинер нагрузка келет да,антип честный болбой уурдап да иштегилечи,таза болсоңор да камап атышат хотя бы уурдап,жеген самсага акча төлөгүлө айланайындар,
+4
aza84
2019-06-08 02:11:48
Бугун орду турмо шайлоодо оозун кыйшайтып Бабанов ту жамандады эле
+2
Farra16gsin
2019-06-08 08:22:43
Аа Заке жакшы боп кет сендей генералдын бир сурактан чыкпай калып ооруп давления болуп ооруканага жатып калышы өтө чоң уят
+1
nabievich
2019-06-08 10:32:01
аэропортко чейин узатып барып кантип куноосу жок болсун ХХХХ жооп ьериш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан