Улуттук кыйноолордун алдын алуу борбору Аида Салянованын ден соолугу боюнча ЖАМКтын жетекчилигине кат жөнөттү

Улуттук кыйноолордун алдын алуу борбору СИЗО-1де камакта отурган мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Аида Салянованын ден соолугунун начарлап жатканына байланыштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кат жөнөттү. Маалыматты борбордун директору Нурдин Сулайманов SUPER.KG порталына тастыктады.

"Салянованын буга чейин жактоочусу анын дарылануусу керек экенин айтып жаткан. Мындан улам биздин кызматкерлер мурдагы башкы прокурорго кирип чыкты. Ал абалынын начарлап жана кыйналып жатканын айткан. Мындан улам биз ЖАМКтын жетекчилигине кат жөнөттүк", - деди ал.

21-июнда Биринчи Май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча экс-прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Ал ушул жылдын 3-июнунда кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kennedy
2019-07-15 10:48:32
Ушул борборлор тойгозду да. Эмне учун канча жонокой адамдар ооруйт, анын укугун коргобойт. Анан чыныгы куноолуулорду актаганы аракет кылат? Куноолуубу? Жазасын алсын!
+2
senchi
2019-07-16 12:25:31
Жөнөкөй камалган адамдар ооруса эмнеге жанылык болбойт, жеп жутарлар эле ооруп калат. Жазасын алсын анан даарылана берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан