Депутат Зарылбек Рысалиев жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда SUPER.KG порталына Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу Клиникалык оорукананын башчысынын орун басары Александра Олексюк билдирди.
Анын айтымында, Рысалиевдин абалы орто. "Диагнозу мурдагыдай эле. Кан басымы туруктуу болбой жатат", - дейт Александра Олексюк.
Рысалиев 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сурак берип жатып өзүн начар сезип, ооруканага жеткирилген. Ошол күнү кечинде Рысалиев "кан басымым көтөрүлүп кетиптир, азыр абалым жакшы эле" деген.
Азиз Батукаев түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен чуулуу окуя учурунда Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болчу.